• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жоолук күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 3-февралда Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленет. Бул тууралуу социалдык тармактарда UMMA ислам журналы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Умма” жыл сайын жоолуктун урматына карата аялдар үчүн аталган иш-чараны өткөрүп келет.

“Жакшы дем-күч алганы, башка элдердин маданияты менен таанышуу үчүн келип кетиңиздер”,-деп бардык каалоочуларды уюштуруучулар иш-чарага чакырып кетишти.

Конокторду кызыктуу оюн-зоок программалар күтөт.

Иш-чара саат 11:00дө ASIA MALL соода борборунун үчүнкү кабатында болот.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий