• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Жоомарт Бөкөнбаевдин архивдик фондунун бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. КРнын мамлекеттик борбордук архивинде кыргыз адабиятынын классиги Жоомарт Бөкөнбаевдин врхивдик фондунун бет ачары өттү.

Иш-чаранын алкагында Жоомарт Бөкөнбаевдин үй-бүлөлүк архивиндеги архивдик документтерди КР мамлекеттик ахивинде сактоого берүү аземи өттү. Ошондой эле фонддун ачылышы менен катар кыргыз адабиятынын классиги “Гүлдесте” ыр, макала, эскерүү жыйнактарынын бет ачары болду.

Муну менен катар иш-чаранын алкагында архифдик кызматтаын кызматкерлери тарабынан сактоого берилген документтердин көргөзмөсү уюштурулду.

Архивдик кызматтын төрагасынын орун басары Нуркыз Базарбаеванын айтымында, Жоомарт Бөкөнбаев - улуттук адабияттын жалпы кабыл алынган эң көрүнүктүү классиктеринин бири.

Базарбаева ошондой эле акын өз чыгармаларында өз доорунун негизги көйгөйлөрүнүн бирин – улуттук өзүн-өзү аң-сезимди өнүктүрүү проблемасын көтөрөрүн белгиледи. Кыргыз элине мүнөздүү болгон адеп-ахлактык баалуулуктарды, үрп-адаттарды, каада-салттарды сактоо аркылуу өзүнүн улуттук сезимин ойготууга, ошону менен өзүн-өзү сактоону камсыз кылууга аракеттенет.

Мамлекеттик борбордук архивдин директору Жумабай Бечековдун айтымында, архивде сакталып турган бардык документтер жазуучунун баласы Кулубек Бөкөнбаевдин уруксатысыз көргөзүлбөйт жана берилбейт.

Такталгандай, Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы туурадуу чогултулган документтер кайра иштелип чыгып, эксперттик комиссиядан өткөрүлдү. Өзүнчө фонд түзүлүп, КРнын мамлекеттик архивинде туруктуу сактоого калтырылды. Документтер 1929-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкты камтыйт.

Иш-чарага Жоомарт Бөкөнбаевдин урпактары, туугандары, маданий жана адабий ишмерлер, окумуштуулар, адабият таануучулар жана архивдин кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, Жоомарт Бөкөнбаев – өлкөнүн белгилүү адабиятчысы, акын, драматург. Ал 1910-жылы 16-майда Токтогул районунун Мазар-Суу айылында, кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал ата-энесинен эрте ажырап, Жала-Абаддан анча алыс эмес Көкарт балдар үйундө тарбияланган. 1928-жылдан 1931-жылга чейин алгач Ош, андан кийин Фрунзе педагогикалык техникумунда, кийин Москвадагы Коммунисттик журналистика институтунда окуган.

Ошол жылдары ал бир эле мезгилде “Кызыл Кыргызстан” газетасынын редакциясында бөлүм башчы, 1935-1941-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, “Советтик адабият жана искусство” журналынын башкы редактору болуп иштеген.

Жоомарт Бөкөнбаев согуштун алгачкы жылдарында өз ыктыяры менен Советтик Армиянын катарына кирип, “Мекен үчүн, алга!” дивизиялык гезитинин редактору болгон. Бул гезитте анын мекендин уулдарынын духуна сугарылган патриоттук макалалары, ырлары жарыяланып турган.

Акындын улуттук ар-намыс сезимине толгон жек көрүүчү фашизмге каршы күрөшкө жалындуу чакырык катары “Ооба, мен кыргызмын”, “Кош бол, Ала-Тоо, уулуң фронтко кетти” деген керемет публицистикалык ырлары жарык көргөн.

Пикир

Оставить комментарий