• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ЖОЖдун өкүлдөрү жогорку билимдин сапатын талкуулашууда

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Бишкекте “Жогорку билим берүү сапаты – мамлекеттин туруктуу өнүктүрүүнүн негизги шарты” аталышындагы форум өтүүдө.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Ага билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын башчысы Абдылда Мусаев, ЖОЖдордун ректорлору жана илимий коомдун өкүлдөрү катышууда.

Форумдун башкы максаты профессионалдык, интеллектуалдык күчтөрдү жана ЖОЖдордун коомчулугунун күчтөрүн жогорку мектепти өнүктүрүү үчүн жана 21-кылымда өлкөнүн өнүгүшү үчүн керек болгон адискөй кадрларды түзүү үчүн бириктирүү.

Форумдун катышуучулары КРнын 2018-2020-жылга карата улуттук өнүгүү стратегиясында, КРнын 2018-2022-жылга карата аймактык саясатынын концепциясында белгиленген кыска жана узун мөөнөттүү тапщырмаларга жетүү жолдорун талкуулап, жогорку билимдин сапатын камсыздоо улуттук стратегиясы, аймактарды өнүктүрүүдөгү жогорку билимдин системасынын ролу сыяктуу маселелерди карашууда.

Пикир

Оставить комментарий