• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жугуштуу оорулар күч алууда: бир жумада дээрлик 1,5 миң учур катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, аба ырайынын кескин сууктаганына байланыштуу курч респиратордук вирустук оорулар күч алды, - деп маалымдайт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, акыркы бир жумада курч респиратордук вирустук оорунун 1 миң 466 учуру катталган, бул 2020-жылдын ушул мезгилине карата 805 учурга көп.

Бишкек шаары россиялык өндүрүштөгү "Гриппол плюс" сасык тумоого каршы 14 миң 685 доза вакцинасын алды (сериясы 140821, жарактуулук мөөнөтү 2022 -жылдын августу).

"Бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору тобокелге кабылган адамдарга сасык тумоого каршы эмдөөлөрдү жүргүзүшөт: балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, тез-тез ооруп жүргөн балдар, карылар жана майыптар үйлөрүнүн тургундары, тез жардам бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө, БМСЖда иштегендер, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 65 жаштан ашкан адамдар эмдөөлөрдү алышат. 8-октябрга карата 2 миң 875 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинде 11 кош бойлуулар , 945 медициналык кызматкерлер, 812 өнөкөт оорулары бар балдар жана чоңдор, 65 жаштан жогорку 678 адам жана 429 калктын башка катмары", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий