• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринен кийин аталган көчөнүн туурасы 9 метрди , ал эми оңдоло турган тилкенин жалпы узундугу 1900 метрди түзөт.

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн И.Ахунбаев көчөсүнөн Кулатовго чейинки бөлүгүн реконструкциялоо пландары бар. Жолдун башка тилкелериндеги оңдоо иштери 10 күндүн аралыгында башталат.

Эскерте кетсек, оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамы менен каржыланган “Бишкек шаарын жарыктандырууну өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий