• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жумакадыр Акенеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти жана коомдук ишмер Жумакадыр Акенеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Ал 65 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.

Акенеев Жумакадыр Асанкулович 1954-жылы 22-январда Ысык-Көл облусунун Улахол айылында туулган. 1976-жылы Фрунзе политехникалык институтунун инженердик-курулуш факультетин инженер-экономист адистиги боюнча бүтүргөн.

Акенеев КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформа боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, Улуттук статистика комитетинин төрагасы, айыл чарба жана суу чарба министри, курчап турган чөйрөнү коргоо министринин биринчи орун басары, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти кызматтарын аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий