• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жумушсуздардын саны 5319 адамды түзөт

Коом 0

Бишкек, 20-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Бишкек шаардык башкармалыгы менен биргеликте биринчи жарым жылдыкта Бишкектеги жумушсуздардын санын аныкташкан.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын июль айына чейин райондук бөлүмдөрдө 7 миң 64 жумуш издеген жаран катталган. Алардын 5миң 319у расмий жумушсуздардын тизмесине илинген. Мындан улам жөлөк пул алуу максатында кайрылгандардын 71не жөлөк пул төлөнүп берилет. Жумуш издегендердин басымдуусун аялдар түзөт - 54,6% жана 45,4% эркектер.

Шаар башкармалыгынын адистери билдиргендей, алар биринчи жарым жылдыкта 5 миң 561 жаранды иш менен камсыз кылганга жетишкен. 761 адамды окууга жөнөтсө, 87 жаранды коомдук иштерге жиберген.

Пикир

Оставить комментарий