• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте журналист Геннадий Павлюкту эскеришти

Коом 0

Бишкек, 6.11.17 /Аман Алымбеков - Кабар/. Бишкекте Маалымат жана басма сөз күнүнө карата президенттин аппаратынын башчысы Алмаз Усенов, “Кабар” КУМАнын директору Кубан Таабалдиев, КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков жана бир катар ЖМК өкүлдөрү журналист Геннадий Павлюкту эскеришип, эстелигине гүл коюшту.

“Кабар” КУМАнын директору Кубан Таабалдиев журналисттердин алдына чыгып сөз сүйлөп, кесиптик майрамдын алдында өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон журналисттерди эскерүү салтка айланып калгандыгын айтты.

“Жалпысынан алганда Кыргызстандагы ЖМК Геннадий Павлюк, Сыргак Абдылдаев жана башка журналисттердин жардамы менен сөз эркиндигинин жогорку деңгээлине жете алды”,-деди ал.

Анын айтуусу боюнча, жарандар жана журналисттер коомчулукка багыт көрсөтүп, чыныгы демократия жана сөз эркиндигине карай жол көрсөтөт турган деңгээлге жетип калды.

“Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин артыкчылыгы ушундай деңгээлге жетет, жада калса дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттер сөз эркиндигинде бизге карап багыт алып калат деп ишенем”,-деди Таабалдиев.

Эске сала кетсек, Геннадий Павлюктун эстелиги 2010-жылдын октябрь айында тургузулган. 2012-жылдын май айында эстелик бейбаштар тарабынан уурдалган соң, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча анын жеке каражатына кайрадан калыбына келтирилген.

Павлюк 2009-жылы 22-декабрында Алмата шаарында имараттын алтынчы кабатынан кулап каза болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал колу буту байланып, имарттан кулатылган. Кылмышка шектүүлөр кармалып, жазага тартылышкан.

Пикир

Оставить комментарий