• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте журналист Уланбек Эгизбаев көчөсү пайда болду

Коом 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Бишкектин батышындагы Ак-Ордо жаңы конушунда журналист Уланбек Эгизбаев атындагы көчө пайда болду. Бул тууралуу маркумдун досу Каниет Жыргалбеков Facebook'тагы баракчасына жазды.

Жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине журналисттин ысымын ыйгаруу тууралуу чечимди жергиликтүү тургундар өзүлөрү кабыл алып, үйлөрдүн дубалдарына "Улан Эгизбаев көчөсү" деген такталарды тага башташты.

2012-2013-жылдары "Жаңы агым" гезитинде кабарчы болуп, 2013-жылдан тартып "Азаттык медиа" мекемесинде иштеп келген.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы Ысык-Көлдө каза болгон.

Ал коррупция тууралуу бир катар мыкты иликтөөлөрдү жасап белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий