• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте журналисттин жардамы менен жасалма өткөрмө кагаздарын саткан жаран кармалды – комендант

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Бишкекте журналисттин жардамы менен жасалма өткөрмө кагаздарын саткан жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Журналисттин жардамы менен жасалма уруксат кагаздарын саткан учур аныкталды. Өткөрмө кагаздарын 1 миң 500 сомдон саткан 30 жаштагы Б.Э. аттуу жаран кармалды. Ал жарандан жасалма мөөр, өткөрмө кагаздар табылып, алынган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий