• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" аттуу тасманын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 17.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик тарых музейинде "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" аттуу тарыхый даректүү тасмасынын бет ачаары өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, кеңири коомчулук катышты.

Бул тарыхый тасманынын сценарийин- тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Асан Ормушев жазган.

Фильмдин режиссеру - Мырзабек Айдаралиев.

Бул тасмада биринчи жолу тарыхый документтердин негизинде Ж.Абдрахмановдун ата теги, уялаш бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учурлары жана Алматыдагы, Москвадагы, Оренбургдагы, Самарадагы архивдеги документтердин негизинде Ж.Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгү чагылдырган.

Тасмада белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер Ж.Абдрахманов жөнүндө өздөрүнүн ой пикирлерин кеңири билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий