• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Президент 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда, президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Жусуп Абдрахмановдун жашоосу жана ишмердүүлүгүнө арналган кыргыз, орус жана англис тилдериндеги жаңы эмгектердин көргөзмөсү менен таанышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, "Таазим" театралдык прологу коюлду.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы жана чыңдоодогу, бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөөдөгү ролун өзгөчө белгиледи.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий