• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Жусуп Абдрахмановго арналган эл аралык илимий конференция өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. Бишкек шаарында 2018-жылдын 12-мартында Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетининде «Жусуп Абдрахманов – улут лидери” аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Маалымдалгандай, конференциянын ишине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын көрүнүктүү окумуштуулары, саясат таануучулары, коомдук ишмерлери катышышат. Анын жүрүшүндө окумуштуулар тарабынан Ж.Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердиги, инсандык жогорку интеллекти темаларына арналган бир нече олуттуу баяндамалар жасалат.

Алардын арасында белгилүү коомдук ишмер, Ж. Абдрахманов коомдук кеңешинин төрагасы, педагогика илиминин доктору, профессор Жангороз Каниметовдун билдирүүсү “Жусуп Абдрахманов кыргыз элинин таалайына жаралган улут лидери”, КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, философия илиминин доктору, профессор Аскар Какеев “Жусуп Абдрахмановдун жогорку интеллекттеги инсан”, КР УИАнын мүчө - корреспонденти, тарых илиминин доктору, профессор Өскөн Осмоновдун сөзү “Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин кайрадан жаралышын түптөгөн тарыхый инсан” деген темаларга арналган баяндамаларды жасашат. Ошондой эле Казакстандын, Россиянын Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, Казакстан тарыхчылар коомчулугунун төрагасы, тарых иилиминин доктору, профессор Мамбет Койгелдиев “Жусуп Абдрахманов жана казак калкынын социалдык-экономикалык жагдайы жөнүндө” билдирүүсүн сунуштайт.

Маалыматта белгиленгендей, бул зор уюштуруучулук жараянда Жусуп Абдрахмановдун жигердүү иш-аракеттери ачыкталмакчы.

Мындан тышкары дагы бир катар изилдөөчү-адистердин илимий билдирүүлөрү угулат. Ал баяндамалардын өзөгүн - Жусуп Абдрахмановдун өз элин жанындай көргөн, көп кырдуу, иш билги, чечкиндүү - эр жүрөк чыгаан мамлекеттик ишмер – улут лидер экендиги түзөт.

Конференциянын алкагында А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана тарабынан даярдалган “Жусуп Абдрахмановдун өрнөктүү жолу” аталыштагы китеп көргөзмөсүнүн таанытымы болот. Кинодокументалист Нурбек Боркошевдин “Улут лидери – Жусуп Абдрахманов” аталыштагы чакан тасмасы көрсөтүлөт.

Маалымдама: Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Каракол уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн. Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. Кыргыз совет мамлекетинин келечегине чын ыкластан ишенишип, өз колдору менен анын негиздерин курушкан бир далай чыгаан инсандарыбыз менен кыргыз эли ар дайым сыймыктанат жана алардын бай тажрыйбасын бийик баалайт. Алардын бири, жаш кезинен жетилип, Ата мекенине опол тоодой көп кырдуу кызмат өтөп, бирок, өмүрүнүн аягында, өздөрү түзгөн мамлекеттик системанын курмандыгына чалынып, алоолоп жалынданган кырчын өмүрүн элибизге арнаган кыргыз совет мамлекетинин көрүнүктүү ишмерлеринин бири - Жусуп Абдрахманов экендиги талашсыз.

Пикир

Оставить комментарий