• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Жусуп Мамайдын варианты боюнча "Манас" операсы тартууланды

Маданият 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театры көрүүчүлөргө Жусуп Мамайдын варианты боюнча "Манас" операсын тартуулады.

"Манас" эпосу боюнча операны коюуну уюштуруу иштери 2 жыл аралыкта КЭРдин Маданият министрлиги жана Кытайдын борбордук опера институту тарабынан жүргүзүлгөн. Сценарий Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду кытай тилине котормосу боюнча жазылган.

Опера 2017-жылдын сентябрь айынан 2018-жылдын май айына чейин Кытай шаарларында, Пекинде тогуз ирет коюлган. Анда 200дөн ашык артист оюн аткарат.

Пикир

Оставить комментарий