• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жыл аягына чейин айыл чарба жарманкеси өткөрүлүп турат

Коом 0

Бишкек, 01.12.21 /Кабар/. Бишкек шаарынын борборунда жылдын аягына чейин дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.

“Жарманкеден айыл чарба жана тамак-аш продукциясын (жумуртка, эт, сүт азыктары, жашылча жана башкалар) ортомчусуз өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алууга мүмкүн болот”, - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Кызматташуу үчүн номер: 0707 702 703, 0771 949 499, 0700 652 637

Пикир

Оставить комментарий