• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жыл башынан бери 1,3 миңден ашуун мас айдоочу кармалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Бишкекте жыл башынан бери 1 миң 320 мас айдоочу кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкармалыкта беш айдын жыйынтыгы чыгарылган ыкчам кеңешме өттү.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан беш айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 142 миң 777 протокол толтурулуп, 62 млн 74миң 790 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Анын ичинен :

- автоунаанын тийиштүү документи жок - 907;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 1320;

- авто ээнбаштык - 25;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 373 ;

- жасалма же жалган мамлекеттик номурлар менен автоунаа башкаруу - 34;

- коопсуз курун тагынбай автоунаа башкаруу - 36 510;

- токтоо эрежелерин бузуу. Тыюу салынган жерлерде автоунааларды токтотуу - 77 112;

- жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу -8151;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 18 345. Андан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 10 миң 436 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле беш ай ичинде Кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 25 миң 692 чакыруу тейленген.

Пикир

Оставить комментарий