• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жыл башынан бери 34 зордуктоо жана 30 адам өлтүрүү фактысы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Өлкө боюнча катталган кылмыштардын 43,3% Бишкекте болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтуусунда, адам өлтүрүү боюнча катталган кылмыштардын дээрлик көпчүлүгү биринчи суткада эле ачыкка чыгып, бети ачылат.

“2018-жылдын башынан бери калаанын аймагында 34 зордуктоо катталган, анын ичинен 31 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Ошондой эле Бишкектин аймагында 30 адам өлтүрүү фактысы катталып, анын 27нин бети ачылып, сотко жөнөтүлгөн. Свердлов районундагы ымыркайдын өлүмү ачыкка чыга элек”, -деп билдирди Рахманов.

Пикир

Оставить комментарий