• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жыл башынан бери 4 миңге жакын кылмыштын бети ачылды

Коом 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар 2018-жылдын башынан бери Бишкек шаардык милициясы тарабынан 5 миң 962 кылмыш иши козголуп, алардын 3 миң 989унун бети ачылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, отчёттук убакыт учурунда 460 оор жана өзгөчө оор кылмыш болуп, анын 381инин бети ачылган.

“2018-жылдын 3 айынын ичинде Бишкек шаарында 297 тоноочулук болгон, анын 195инин бети ачылды. 44 жолу автоунаага мыйзамсыз ээлик кылуу фактысы катталып, баарынын бети ачылган. Жыл башынан бери 4006 уурулук окуясы катталып, анын 1 миң 558и ачылган. Анын ичинде 889у батирдеги уурулук, 268инин бети ачылган. Алдамчылык фактысы боюнча 1 миң 367учур катталып, 1 миң 51инин бети ачылган”, - деди Рахманов.

Пикир

Оставить комментарий