• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жыл башынан бери дээрлик 2,6 миң жол кырсыгы катталып, 66 жаран каза болгон

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында 11 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков жана анын орун басарлары, башкармалыктын полкунун командири жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 11 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, төмөндөгү аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Алсак, Бишкек шаарынын аймагында 11 ай ичинде жалпысынан 1 956 жол транспорт кырсыктары катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 393кө азайган, жол кырсыгынан жаракат алган жарандардын саны 2 588ди түзүп, өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу 361ге азайган. Ал эми жол кырсыгынан 66 жаран көз жумуп, өткөн жылга салыштырмалуу 9 жаранга азайган.

Жалпысынан алганда жыл башынан тарта Бишкек шаарынын аймагында өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга жол кырсыктары азайгандыгы байкалган. Бул көрсөткүч кайгуул милициянын бөлүнгөн аймактарда кайгулдоо учурунда айдоочуларга түшүндүрүү жана үгүттөө иштеринин натыйжасы экендиги байкалган.

"Бирок коомчулук тарабынан жол кырсыктарынын санынын азаюсу пандемия учурунда жарандардын көпчүлүгү үйдө болгондугун айтып келет. Түшүндүрүү иретинде айта турган болсок, пандемия учурундагы 23-марттан 11-майга чейинки статистиканы алып карай турган болсок, ошол учурда Бишкек шаарынын аймагында 119 жол кырсыгы катталган болсо, өткөн жылдын ошол эле убагында жол кырсыктарынын саны 275ти түзүп, ошол учурдагы жол кырсыктары 156га азайган", - деп айтылат маалыматта.

Пандемия учурунда жол кырсыгы болгону 156га азайган болсо, бүгүнкү күндө 393кө азайгандыгы байкалган. Демек, ай сайын жол транспорт кырсыктарынын саны болжол менен 36 фактыга азайып жаткандыгы жана ошол эле учурда жабыркаган жарандардын саны ай сайын болжол менен 33 жаранга азайып жаткандыгы байкалган.

Мындан сырткары, кеңешмеде коомдук коопсуздук жана “102” линиясы боюнча жарандардан түшкөн кайрылууларды ыкчам жана сапаттуу тейлөө боюнча ишмердүүлүктүү күчөтүү боюнча тапшырмалар койоулду.

Пикир

Оставить комментарий