• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жыл башынан бери көрктөндүрүү эрежелерин бузгандардан дээрлик 1 млн. сом чогулган

Коом 0

Бишкек, 07.06.18./Кабар/. 2018-жылдын 4 айынын ичинде Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталып, санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан бузуулар боюнча 632 протокол түзүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Арсен Аильчиев билдирди.

“Болжол менен Бишкектин калкынын саны 1 млн. 200 миң адам. Көптөгөн калк жыш жайгашкан шаарларда таштандыны туура эмес жерге таштаган бузуулар көп болот. Калаа тургундары шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандары үчүн административдик жоопкерчиликке тартыла тургандыктарын эстен чыгарбашы керек”,-деп билдирди Аильчиев.

Анын билдирүүсүнө ылайык, 369 материал каралган, анда бузуулар үчүн райондук административдик комиссиялар тарабынан жалпы суммасы 957 миң сомго айып салынган.

Биринчи май жана Ленин райондору бузуулар жана айып салуулар боюнча алдыда.

Биринчи май районунда таштандыгы туура эмес жерге таштагандар үчүн салынган айыптын суммасы 514 миң сомду түзгөн, ал эми Ленин районунда 217 миң сом, Свердлов районунда 139 миң сом, Октябрь районунда 60 миң сом.

“Туура эмес жерде таштандыны өрттөгөн калаа тургундарына 2 миң сом айып салынат, чарба субъектилерине болсо 10 миң сом. Калаа тургундарын таштанды таштабоого чакырабыз”,-деди Аильчиев.

Пикир

Оставить комментарий