• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте жыл башынан бери коомдук унаалардын катышуусунда 109 жол кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан бери жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун катышуусунда 109 жол кырсыгы катталып, анда 177 жаран жабыркаган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын көбү айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгынан келип чыгууда.

Мындай кырсыктардын алдын алуу багытында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү чыгыш жана батыш автобекеттердеги жана Аламүдүн, Ош базарларындагы Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Казарман, Бишкек-Чолпон-Ата жана башка каттамдарга каттаган маршруттук таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, автоунаанын техникалык абалын, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттардын, өрт өчүрүүчү шаймандарын текшерүүгө алууда.

Кызматкерлер тарабынан айдоочулардын каттамга чыгаар алдында сөзсүз автоунаанын техникалык абалы текшерилип, айдоочу наркология бөлүмүнөн өтүп, кан басымы, психологиялык абалы текшерилген соң гана каттамга чыгуусу эскертилди.

Ошондой эле айдоочу каттамдан келгенден кийин, сөзсүз бир күн эс алып, психологиялык жактан толук даяр болуп, анан кана каттамга чыгуу эскертилли.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан тартып техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан техникалык бузуулары бар маршруттук унаалардын 95не тийиштүү протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынган.

Пикир

Оставить комментарий