• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жыл башынан бери кош бойлуу 20 өспүрүм каттоого туруп, сегизи көз жарган

Коом 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкек шаарында кош бойлуу 20 өспүрүм каттоого алынып, анын ичинен сегизи көз жарган. Бул тууралуу Биринчи май райондук администрациясынан билдирди.

Биринчи май акимчилигинде кылмыштуулуктун алдын алуу жана оор турмуштук кырдаалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча Координациялык кеңештин пландык жыйыны өттү.

“2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча кош бойлуу 20 өспүрүм Уй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого туруп, анын ичинен сегизи төрөгөн. Азыркы учурда 12 өспүрүм дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Биринчи май районунжа 4 кыз каттоого алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Биринчи май райондук милициясы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган 40 кылмыш катталып, анын 25и сотко жөнөтүлүп, 8и токтотулуп, 7 кылмыш иши кароодо.

240ка жакын бала профилактикалык каттоодо турат, алардын 45и начар үй-бүлөлөрдөн.

Пикир

Оставить комментарий