• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жыл башынан бери тыюу салынган затты өрттөө боюнча 10 протокол түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкекте жыл башынан бери тыюу салынган затты өрттөө боюнча 10 протокол түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү дана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө муниципалдык инспекциясынын адиси Азат Ракымов билдирди.

“Айыптын суммасы 137 миң сомду түздү”, - деди ал.

Эскерте кетсек, айып пулдар КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 3-бөлүмүнүн 115-беренесинин ("Таштандыларды белгисиз жерлерге чыгаруу, өрттөө") негизинде салынган. Айыптын суммасы жеке жактар үчүн 7 500 сом, юридикалык жак үчүн 23 000 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий