• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жыл сайын тамак-аштан уулангандардын саны кыскарууда

Ден соолук 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны жыл сайын кыскарууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамсанэпидемкөзөмөл Борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатышат.

“Биздин борборго бейтаптардын кайрылуулары боюнча маалымат түшөт, 1-2 сааттын ичинде биздин кызматкерлер окуя болгон жерге барып, инфекция булактарын аныктап, дарылоонун жолдорун белгилеп беришет. Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү керек”, - деп билдирди Буюклянов.

Акыркы жылдарда тамак-аштан уулангандардын саны азайган. Алсак, 2014-жылы 37 учур катталса, 2015-жылда – 21, 2016-жылда – 17 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий