• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жылдын мыкты айдоочусу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 21.10.19 /Кабар/. Мэриянын Бишкек троллейбустук башкармалыгында жылдын мыкты айдоочусу аттуу сынак өткөрүлдү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, сынак беш этаптан турган: жол эрежелерин сактоо жана техникалык коопсуздук боюнча экзамен, троллейбустардын түзүлүшү боюнча, техникалык тейлөө, жүргүнчүлөр менен микрофон аркылуу иштөө жана троллейбустарды колдонуу жана оңдоп-түзөө мекемесинин аймагында айдоо боюнча экзамендер өткөрүлдү.

Сынактын максаты – айдоочулардын чеберчилигин жана шаар тургундарын тейлөөнүн сапатын жогорулатуу.

Башкармалыктын айдоочулары бардык этаптарды ийгиликтүү өтүп, дагы бир ирет өздөрүнүн чеберчилигин жана компетенттүүлүгүн тастыкташкан.

Ал эми жылдын эң мыкты троллейбус айдоочусу болуп №8 троллейбустук маршруттун айдоочусу Токмергенов Айдар Кубанычбекович аталды. Экинчи – № 2 маршрутунун айдоочусу Абдылдаев Асылбек Амангелдиевич жана үчүнчү орунду №11 маршрутунун айдоочусу Калыков Курманбек Жумашович ээледи.

Пикир

Оставить комментарий