• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жылуулук радиаторлорун чыгарган завод ачылды

Экономика 0


Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. "Бишкек" эркин экономикалык аймагында жылуулук радиаторлорун чыгарган завод иштеп баштады. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.

Анын айтымында, заводдун курулушуна 40 млн. доллар жумшалган.

"Бул заводду куруу үчүн кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүнү 2016-жылы апрелде баштап, анын макулдугун октябрда алганбыз. Ошондо эле курулуш иштери башталган. Заводдун курулушуна 40 млн. доллар инвестиция кылынды. 500 жумушчу орун түзүлөт", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул үй тиричилигинде колдонула турган жылуулук батареяларын чыгара турган Кыргызстандагы алгачкы ишкана.

Фото/ Шумкарбек Адилбек уулу

Пикир

Оставить комментарий