• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жылуулук сезону 18-октябрда башталат

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Бишкекте 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча шаардык штабдын отуруму өтүп, анда жылуулук сезонунун башталышынын так күнү талкууланды.

Гидрометеорологиялык борбордун маалыматына караганда, 20-октябрдан баштап күндүн орточо температурасы +0, +2 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. 21-октябрга чейин күндүн орточо температурасы +8 градустан төмөн болот. Жылуулук сезонунун башталышы абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо аныкталат. Бүгүн, 17-октябрда абанын температурасы көрсөтүлгөн нормадан төмөн болуп жатканына 4 күн болду.

Калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон Бишкектин мэриясынын 2018-жылдын 17-октябрындагы №224 буйругуна ылайык, борбордогу жылуулук сезону эртең, 18-октябрда башталат.

Объектилерге жылуулук берүү бир нече күнгө уланат. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана буга чейин колдонгон жылуулук энергиясы үчүн карызы жок, кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгы тууралуу актысы бар ишканаларга жана мекемелерге берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий