• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жылуулук системасы жарылып, 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Бишкектин Логвиненко менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук системасы жарылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык тууралуу маалымат бүгүн саат 09:30да түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жылуулук системасы менен байланышкан бочка жарылган.

Жарылуудан улам 4 адам кырсыктап, алардын экөө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий