• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жылуулук жакынкы күндөрү берилиши мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бишкекте жылуулук жакынкы күндөрү берилиши мүмкүн. Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов орун басарлары менен бирге шаардын ар бир районуна барып, кышка даярдык менен таанышкан.

Мэр шаар тургундары, бала бакча жана мектептердин директорлору менен жолугушкан.

Андан кийин ал, турак жай коммуналдык чарбасы маселеси боюнча вице-мэр Мирлан Амантуровго күз-кыш мезгили боюнча топтун отурумун өткөрүп, шаар тургундарынын үйүнө жылуулук берүүнү баштоону тапшырган. Жакын күндөрү буйрукка кол коюлушу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкекте шаар тургундарына жылуу суу менен жылуулукту эки ишкана берип келет: Алардын бири "Бишкек жылуулук тармактары" ААКсы Улуттук энергохолдинг компаниясына таандык. Ал эми, "Бишкек жылуулук" коммуналдык ишканасы мэрияга карап, "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын куурлары жетпеген шаардын бөлүктөрүнө жылуу суу жана жылуулук берет.

Пикир

Оставить комментарий