• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте жылына орточо 80 млн метр куб суу керектелет

Коом 0

Бишкек, 13.12.18./Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Бишкек шаарында жылына орточо 80 миллион метр куб таза суу керектелет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын басма сөз кызматы билдирди.

Гидрогеологдордун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн суу булактары жетиштүү.

Бишкек шаарына суу берген “Бишкек суу” ишканасы аны 160-250 метр тереңдиктен алышат. Шаарга таза суу Орто-Алыш жана Ала-Арча жер алдындагы суу жайларынан берилет.

Мэриядан билдиргендей, шаардыктар сууну кооптонбой ичүүгө болот. Себеби, ал тийиштүү тазалоодон өтөт жана анын сапаты текшерилип, талаптарга ылайык келет.

Ошондой эле шаар аймагынын кеңейип, калктын саны, өндүрүштүн өсүп жатканына байланыштуу шаарды суу менен камсыздоо үчүн Ысык-Ата суу жайын өздөштүрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий