• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жылытуу сезону ийгиликтүү аяктады

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, “Бишкекжылуулуктармактары” ААК бүгүн борбордук жылытууну өчүрүүгө киришти.

Компаниядан билдиргендей, 2021-2022-жылдарга карата күзгү-кышкы жылытуу мезгили ийгиликтүү аяктады.

“Бүткүл жылытуу мезгилинде “Бишкекжылуулуктармактар” ААКнын 900дөн ашык кызматкерлери үйлөрүңүздөгү жылуулуктун жана жайлуулуктун күзөтүндө турушту. Эми компания оңдоо иштерине жана алдыдагы 2022-2023-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык иштерине киришет”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Бишкекжылуулуктармактары” компаниясы 3 500 турак үйдү, 71 медициналык мекемени 75 мектепке чейинки жана 56 мектепти жылуулук менен камсыздайт.

Белгиленгендей, көйгөйлөр боюнча абоненттер төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 1980, (312) 61-11-69 ,(0557) 611166, (0777) 611166, (0701) 611166.

Пикир

Оставить комментарий