• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте зомбулукка каршы күрөшүүдө милициянын ролу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунда милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине “Аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүдө ички иштер органдарынын ролу” аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кзматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул семинар-тренингди ИИМдин РОБдун начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Осмонова Асель Сайпидиновна жетектеди.

Семинар-тренингге БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы улуттук координатору Жыпара Ракишева катышты.

Жогорудагы семинар-тренинг ИИМдин Республикалык окуу борбору тарабынан милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча алардын ишмердүүлүгүн жана адистик кесипкөйлүүлүктөрүн өркүндөтүү максатында уюштурулду.

Семинар-тренингде төмөнкү маселелер каралып, талкууга алынды:

- Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча милиция кызматкерлеринин иш-аракеттери;

- Ички иштер органдары үчүн кадрларды даярдоодо гендердик мамиленин актуалдуу аспектилери;

- Аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдар.

РОБдун начальнигинин орун басары Асель Осмонова ИИМ менен тыгыз кызматташып келген жана бүгүнкү иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына ыраазычылык билдирди.

“Бизде бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелердин бири аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы натыйжалуу күрөштү талкуулоо үчүн диалог аянтчасын түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар. Албетте, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө жана алдын алууда ички иштер бөлүмүнүн ролу эбегейсиз экенин баса белгилей кетүү керек, анткени мындай фактылар боюнча кайрылууларга жана билдирүүлөргө милиция кызматкерлери биринчилерден болуп жооп берет", - деди ал.

Осмонова белгилегендей, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери башка ички иштер бөлүмдөрү менен бирге үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерди алып барышууда. Бүгүнкү күндө ИИМдин Республикалык окуу борбору кызматкерлерди баштапкы даярдоодон өткөрүп даярдап жатышат, анын ичинде милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерин окутууда. Алардын кесиптик компетенциясын калыптандырууда, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн гендердик аспектилери боюнча да окутуу даярдыктарын жүзөгө ашырууда.

"Окуу процессин өркүндөтүү жана жогорку квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо боюнча Республикалык окуу борборунун окутуучулук курамы тарабынан көптөгөн окуу-методикалык куралдар басылып чыгарылып келет. Алардын бири БУУнун башкармалыгынын колдоосу менен «Зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга укуктук тартип жана сот адилеттиги чөйрөсүндөгү негизги кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык операциондук процедуралар» деген аталыштагы окуу куралы да чыгарылган жана ушул окуу куралын семинар-тренингдин ар бир катышуучусуна бергим келет жана бул колдонмо сиздер үчүн маалымдама китеп болуп калат деп ишенем.

Сөзүмдүн аягында бардык катышуучуларга семинар-тренингдин жемиштүү иштешин каалайм! Дал ушул практиктердин жана окутуучулардын катышуусу менен диалог аянтчасы, бул сизге практикада натыйжалуу колдонула турган көптөгөн пайдалуу маалыматтарды үйрөнүүгө мүмкүндүк берет деген терең ишеничтемин”, - деп сөзүн аяктады ал.

Пикир

Оставить комментарий