• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча мектеп окуучуларына лекция өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Бишкекте зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча мектеп окуучуларына лекция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциянын базасындагы өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору жана "Демократиялык процесстерди изилдөө" борбору менен биргеликте мектеп окуучулар арасында "Кана эмесе кыздар" аттуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы №18 жана №81 орто мектебинин окуучулары катышты.

Окуучуларга жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна экскурсия уюштурулуп, борбордун шарттары менен тааныштырылды. Андан соң окуучуларга "Аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукту алдын алуу" жана "Эрте турмуш куруунунун кесепеттери" боюнча лекция окулду. Лекцияда кыздар арасындагы маселелер жана аларга карата зордук-зомбулук болгон учурда кимге кайрылып жардам суроо керектиги түшүндүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий