• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте зордуктоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Бишкекте зордуктоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы 19-октябрында болжол менен саат 04:40тар чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына зордуктоого аракет жасады деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барган.

"Милицияга 30 жаштагы Д.М. аттуу аял арыз менен кайрылып, үйүнө белгисиз мас адам кирип, зордуктоого аракет жасагандыгын билдирген. Көрүлгөн ыкчам издөө жана иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.А аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Свердлов районунун ИИБнын Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикир

Оставить комментарий