• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери кызматынан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Саламаттык сактоо министрлигинде оорукананын айланасында болгон чырга байланыштуу атайын комиссия иш алып барган.

«Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен оорукананын жетекчиси иштен четтетилди. Учурда анын милдеттерин орун басары аткарып жатат», - деди Акматова.

Эске сала кетсек, буга чейин ыктыярчылар Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына беткап, дары-дармек жана медициналык коргоочу каражаттарды алып барып беришкендигин, бирок жардам ал жерде иштеген кызматкерлерге жетпегендигин билдиришкен. Жардам башкы дарыгерге берилген, бирок кийинчерээк медиктер эч кандай жардам алышпагандыгын айтып чыгышкан. Андан тышкары, аталган оорукананын хирургу башкы дарыгерди айыптап, ал оорукананын иштөөсүнө тоскоолдук жаратып, бош орундарга бейтаптарды кабыл албай жаткандыгын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий