• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги №1141 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алкагында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына “Жалпы иш” фондунан төрт арыз түшкөн. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

"Жалпы иш" коомдук фонду №1035, 1061, 1139, 1309 шайлоо тилкелериндеги добуш берүү процедурасынын бузулгандыгын айтып, бузууларды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгууну суранган.

“Арыздар каралып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы айрым шайлоо тилкелериндеги комиссиянын мүчөлөрү менен процедуралык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү чечти”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми №1141 шайлоо тилкесинде добуштарды саноо так болбогонунан улам ал участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий