• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги 115 дүкөндө Материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн шекер жана өсүмдүк майы сатылууда

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 115 дүкөндө КР Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн кумшекер жана өсүмдүк майы сатылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, май жана шекер Бишкек шаарынын Ленин районунда 43, Биринчи май районунда 26, Свердлов районунда 27, Октябрь районунда 19 дүкөндө сатылууда.

КР Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражатынан Бишкек шаарына 200 тонна кумшекер жана 80 тонна май бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күндө 52 миң 620 литр май, 128,2 тонна кумшекер сатылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, соода түйүндөрүндө кумшекердин 1 килограммы 70 сомдон, майдын 1 литри 130 сомдон сатылат.

Пикир

Оставить комментарий