• 84.62
  • 102.96
  • 1.15

Бишкектеги №12 мектептин жаңы имаратын курууга Бирдиктүү депозиттик эсептен 71 млн сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Бишкектеги №12 мектептин жаңы имаратын курууга коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсептен 71 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башчысынын орун басары Жумабай Каримжанов билдирди.

Анын айтымында, келерки аптада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания имараттын чатыр жабууга киришет.

"Жаңы корпустун аянты 3 миң 200 чарчы метрди түзөт, ал 384 орунга эсептелген. Анда административдик бөлмөлөр, спорт зал, ашкана каралган", - деди ал.

Каримжанов белгилегендей, жаңы имаратты келе жаткан окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий