• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги 13 жашар баланын өлүмүнө шектелип бир тууган агасы кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бишкектин Мурас-Ордо конушундагы 13 жашар баланын өлүмүнө бир тууган агасы шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта саат 12:40тар чамасында "102" кызматына Мурас-Ордо конушундагы үйдөн кекиртеги кесилген баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Биринчи май районунун ыкчам тергөө тобу, ИИМ жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жөнөп кеткен. Маркум 13 жаштагы А.М. аттуу бала болгону аныкталган.

Туугандарынын айтымында, 13 жашар бала талма оорусу менен ооругандыктан жанында дайыма адам болушу керек эле. Окуя болгон күнү баланын ата-энеси жумушта болуп, үйдө 17 жаштагы А.С. аттуу агасы болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 130-беренесинин 1-пункту ("Киши өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Кылмыш болгон жерди кароодо жаздык, плед жана кызыл-күрөң тактары бар жууркан, ашкана бычагы, аялдын капчыгы, спорттук шым, кызыл-күрөң тактары бар кебез жана манжа издери табылган.

Күбөлөрдүн айтымында, саат 11:00дөр чамасында баланын сөөгүн жумуштан кайтып келген энеси таап, милицияга кабарлаган. Ал эми анын агасы үйдө болгон эмес.

Милиция кызматкерлери кызматтык ит менен издөө иштерин жүргүзүп, көз жумган баланын агасын камыштын арасынан тапкан. Кармалган А.С. ашкана бычагын каяка калтырганын, кантип жууганын көрсөтүп берген.

"Бир туугандар айтыша кетип, жыйынтыгында чырга айланган. Анда А.С. өзүнүн инисин бычак менен жабыркаткан. 13 жаштагы бала өзүнө келбей каза болгону тууралуу маалымат алынган", - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган А.С. убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий