• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги №145 балдар бакчасы карантинге жабылды

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бишкекте №145 балдар бакчасынан башка бардык билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтуусунда, аталган бала бакча карантинге жабылган. "Ал жерде бала бакчанын башчысы менен тарбиячыдан коронавирус аныкталган", - деди ал.

Мозгачева калаада расмий түрдө үч окуучудан COVID-19 табылгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий