• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги №148, 258 жана 248-маршруткалары жылдын мыктысы деп табылды

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы Бишкектеги коомдук унаалардын мыктыларын аныктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жылдын мыкты коомдук унаасы "Байзак Аска" компаниясынын №148, 258 жана 248-маршруткалары аталды.

"Мыктыларды аныктоо кыйынга турду. Биз маршруткалардын жолго чыкканынан баштап, ЖМК жана соцтармактардагы жарандардын арыздарын эске алдык. Ошондой эле коомдук унаалардагы тазалыкты дагы карадык", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган 44 компания иштейт. Алар 144 маршрутканын жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий