• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги №173 бала бакчасы балдарды кабыл ала баштады

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Бишкектеги №173 бала бакчасы балдарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 28-январда №173 бала бакчада суу өтүүчү түтүк жарылган.

Октябрь райондук администрациясы түтүктү оңдоо үчүн 103 миң сом бөлүп, "Савл" компаниясы бала бакчадагы түтүктү калыбына келтирген.

"173 бала бакчадагы оңдоп-түзөө иштери бүтөр замат балдарды кабыл ала баштады. Ошондой эле жылуулук берүү жандандырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчага 530 бала барат.

Пикир

Оставить комментарий