• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги №18 мектеп-гимназиянын кошумча корпусунун курулушу 80 пайызга даяр

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №18 мектеп-гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушунун даярдыгы 80 пайызды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган корпустун курулушу 2019-жылы башталган.

Бул билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген. Анын жалпы аянты 910,0 м2 түзүп, эки окуу корпусунан турат. Ал эми объекттин наркы 41 млн 619 миң 400 сомду түзөт. Быйылкы жылы объектти бүткөрүү үчүн 9 млн 978 миң 900 сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, объекттиде негизги курулуш иштери аягына чыкты, бул ички жана сырткы жасалгоосу, имараттын полдору, терезелери жана эшиктери орнотулду, электрмонтаждоо жана сантехникалык жумуштар аяктады, жылуулук тармагы, суу менен камсыздоо жана канализация тармагы боюнча жумуштар аткарылууда.

Учурда подряддык уюм тарабынан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер башталды. Объекттин курулушун аяктоо жана 2021-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий