• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектеги №2 төрөт үйү COVID-19 менен ооруган кош бойлууларды гана кабыл алат

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Эми Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйү COVID-19 коронавирус инфекциясы менен ооруган кош бойлууларды гана кабыл алат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, төрөт үйү мындай иштөө режимине 26-июнда өткөн. Анда 70 койко орун даярдалган.

«Ушул мекемеге караган бардык кош бойлуулар борбордогу башка төрөт үйлөрүнө жөнөтүлөт. Мындай режим эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланмакчы»,-дейт ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий