• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги 21 көчөнүн жолдору оңдолууда. Кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылат

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы Бишкектеги 21 көчөнүн жолдору оңдолуп жаткандыгын эскертет.

Аталган кызматтан билдиришкендей, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жолдордун тийиштүү бөлүктөрү жабылып, асфальт төшөлүп жатат.

Азыркы учурда төмөнкү көчөлөр жабык:

- Айбийке көчөсүнүн Гагарина көчөсүнөн тартып, Эркин-Тоо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Огонбаев көчөсүнүн Осмонкулов көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фере көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Стадионная көчөсүнүн Магистраль көчөсүнөн тартып, Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Буденный көчөсүнүн Чүй проспектисинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн тартып, Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бакаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ажыбек баатыр көчөсүнүн Манас көчөсүнөн тартып, Жунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ташкент көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн тартып, Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралык;
- Сухэ Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн тартып, 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Көкчетавский көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн тартып, Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Каркыра көчөсүнүн Өмүракунов көчөсүнөн тартып, Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү (Ак-Ордо конушу);
- Новоя көчөсүнүн Ленская көчөсүнөн тартып, Жеңиш жаңы конушуна чейинки бөлүгү;
- Түгөлбай Ата көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Култегин көчөсүнүн Гидростроитель көчөсүнөн тартып, Энасай-20 көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Дордой 2 көчөсүнүн айланмадан тартып, №4 көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ак-Тилек көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн тартып, Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
- Карасаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн тартып, Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү.

“Ошол себептүү унаа жүрүүчү жолдордо жол тыгындары пайда болуп жаткандыгын белгилейбиз. Андыктан шаар тургундарына жана айдоочуларга жолго чыгуу учурунда алдын ала альтернативдүү жолду тандоону сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий