• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги №3 балдар ооруканасына 500 миң сомдон ашык суммада колдоо көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Help the Children-SKD кайрымдуулук фонду Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын бир нече бөлүмдөрүн, палаталарын, дарылоо бөлмөлөрүн, оюн бөлмөлөрүн жана кабыл алуу бөлүмдөрүн жабдууга жардам берди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 500 миң сомдон ашык суммада колдоо көрсөтүлдү.

"Ооруканага медициналык шкафтар, рециркуляторлор, керебеттер, турмуш-тиричилик техникалары, шейшептер жана амбулаторияда балдардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселер алынып берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бул оорукана Бишкек шаарындагы балдарга кечиктирилгис, күнү-түнү жардам көрсөткөн жалгыз көп тармактуу балдар ооруканасы болуп саналат.

Маалымат үчүн: Help the Children - SKD коомдук кайрымдуулук фонду онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтөт. Фонд 14 жылдан бери балдардын өмүрүн сактап калууга, бөлүмдөрдөгү жайлуулукту жана ыңгайлуулуктутүзүүгө, ооруну басаңдатууга жана адамдардын жүрөгүнө үмүт менен ишенимди орнотууга жардам берип келет.

Пикир

Оставить комментарий