• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектеги №3 балдар ооруканасында кайрадан чыр чыкты

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Бишкектеги №3 балдар ооруканасында кайрадан дарыгер менен кичинекей бейтаптын апасынын ортосунда чыр чыкты.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 21-январда милицияга арыз менен шаардык балдар ооруканасынын дарыгери Н.С. кайрылган. Дарыгер арызында ошол эле күнү азиат улуттундагы аял баласын ооруканага алып келип, баланы кароо учурунда аял аны жулкулдатып, жаман сөздөр менен урушуп, колу дагы тийгендигин билдирген.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, соттук –медициналык экспертиза дайындалган.

Азыркы убакта милиция кызматкерлери ал аялдын өздүгүн тактоо жана жашаган жерин аныктоо боюнча оперативдик-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Айрым маалыматтар боюнча, дарыгер азыркы убакта бойдон түшүү коркунучу менен ооруканага жаткырылган.

Эскерте кетсек, аталган ооруканада жакында эле дарыгер менен бир эненин ортосунда чыр чыккан. Келген аял дарыгерди сөгүп, кол көтөрүүгө аракет жасаган. Дарыгер милицияга арыз жазган. Кийинчерээк тараптар жарашкандыктан ал арызын кайтарып алган.

Пикир

Оставить комментарий