• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын дарыгерлери штаттык режимде иштеп жатат – башкы дарыгер

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова кээ бир ЖМКда чыккан “оорукананын дарыгерлери жумушка чыкпай тургандыгын билдиришти” деген маалыматты четке какты.

Жанабилова билдиргендей, дарыгерлер жана оорукананын жалпы жамааты кадимки тартипте иш алып барып, бейтаптарды кабыл алуу жүрүп, баардык дарыгерлер өз иш ордунда иштөөдө. “Иштен кетүү же ишти таштоо тууралуу бир дагы дарыгер айткан эмес. Ал эми видеодогу дарыгер ишинен кеткен эмес. Анткени ал кыз кайра келип, кечирим сурап, маселе чечилген”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, апта башында оорукананын дарыгери менен бир эненин ортосунда чыр чыккан. Келген аял дарыгерди сөгүп, кол көтөрүүгө аракет жасаган. Дарыгер милицияга арыз жазган. Кийинчерээк тараптар жарашкандыктан ал арызын кайтарып алган.

Пикир

Оставить комментарий