• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги 3 смен менен окуу жүргүзгөн мектептерде окуучулар үчүн автобустарды жүргүзүү керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер саатында” мектеп окуучуларына автобус уюштурууга, кургак учукту алдын алууга, Бишкектин экология маселесинин чечүүгө сунуштар айтылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев өзгөчө тоолуу райондордо суук катуу болуп, ага кошумча карышкыр күч болуп элге кыйынчылык туудуруп жатканын Өкмөттүн астына койду. Ошону менен катар эл өкүлү Көчмөндөр оюндарынын катарына кыргыз күрөшүн киргизүүнү сунуш кылды.

Ош – Баткен - Исфана жолунун Көк-Жар – Кызыл-Кыя аймагында көпүрө алынып салынып, учурда эл сай аркылуу каттап жатат. Бирок кыш келгени бул жерде автоунаалары тайгактан улам тыгынга кабылып, көйгөй жаралат. Мындан сырткары, Өзбекстан мамлекети менен сүйлөшүп, Кадамжай – Пүлгөн ортосундагы эски жолдо оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө уруксат берү зарыл. Мындай билдирүүлөр менен депутат Закир Шарапов Өкмөткө кайрылды.

Депутат Кубанычбек Нурматов Ош облусунун Араван районунда 2010-жылы башталган оорукана менен бала бакча бүтпөй жаткандыгын айтып чыкты. Ал мындан сырткары, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Воронцовка ооруканасынын ремонтуна каражат бөлүү зарылдыгын бул жерге республиканын төрт тарабынан бейтаптар келе тургандыгы менен түшүндүрдү.

Депутат Рада Туманбаева айрыкча, Бишкек шаарындагы 3 смен менен окуу жүргүзгөн мектептерде окуучуларды автобус менен ташууну камсыздоо зарылдыгына бир катар жүйөөлөрдү келтирди. Анын айтымында, айрыкча кыш мезгилинде балдарга кыйын болууда. Ошону менен катар балдар жол кырсыктарына кабылууда. Эл өкүлү бул көйгөй чет өлкөлөрдө эчак чечилгенин айтып, аткаруу бийлигин алардын тажырыйбаларын алууга үндөдү.

Кургак учук менен ооругандардын саны арбып бараткандыгын айткан депутат Айсулуу Мамашева аларды дарылоого заманбап жабдуулар зарыл экенин ортого салды. Депутаттын айтымында, бул көйгөйдүн чечилишине эл аралык Глобалдык фонд кол сунган. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген каражаттар натыйжалуу башкарылбагандыгынан улам Глобалдык фонд каржылоону кыскартууда. “Бул илдет менен күрөшүүдөн мурда аны алдын алууга басым жасасак”,- дейт А.Мамашева.

Бишкекте абанын бузулушу өтө курчуп баратканын айткан депутат Дастан Бекешев бул көйгөйгө автоунаалардын санынын арбышы себеп болуп жатканын белгилеп, бир катар сунуштары менен бөлүштү. Д.Бекешев мүлккө болгон салыкты жергиликтүү бийлик органдарына берүү, борбор калаанын айрым көчөлөрүнө эски автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салуу жана башка сунуштарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий