• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги №33 мектеп-гимназиянын мугалиминен кургак учук аныкталды

Ден соолук 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №33 мектеп-гимназиянын мугалиминен кургак учук аныкталды. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, диагноз алдын ала текшерүүдө коюлган.

"1965-жылы туулган жаран Ч.А. 2022-жылы 14-ноябрда №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалына кайрылып, ал жактан какырык микроскопиясына жөнөтүлгөн. Ошентип, 15-ноябрда аталган медборбордо өпкө кургак учугу диагнозу менен каттоого турган (дарылоо амбулаториялык негизде жүргүзүлөт)", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен билдиргендей, учурда Бишкек шаардык ооруларды алдун алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан аталган учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, мугалим жумушка медициналык текшерүүсүз алынганы аныкталган.

"Мектепте буга чейин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, байланышта болгон балдар да медициналык кароодон өткөрүлүүдө жана байланышта болгон балдарга жалпы кан жана заара анализи берилип, рентгендик текшерүү да жүргүзүлүүдө. Өз кезегинде 15 жашка чейинки балдарга манту тести берилет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Маалым болгондой, жалпысынан байланышта 15 жашка чейинки 163 мектеп окуучусу аныкталып, анын ичинен 130 окуучу манту текшерүүсүнөн, 6 бала рентгенден, 33 бала текшерүүдөн өтүүдө.

Кургак учук — дүйнөдө кеңири тараган өпкө оорусу. Жугуштуу болуп саналат жана адамдан адамга жөтөлүү, чүчкүрүү жана колдонулган идиш аркылуу жугушу мүмкүн. Азыркы заманбап медицина аталган ооруну толук айыктырууга жөндөмдүү.

Пикир

Оставить комментарий